background

Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу

Ошто таштандыларды утилизациялоочу заводдун капсуласы салынды

Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо заводуна капсула салуу салтанаты болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Кытайдын «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы урматтуу Дай Даого, ошондой эле шаар тургундары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Долбоор 2023-жылы меморандумга кол коюу менен башталып, 2025-жылдын 3-мартында тараптар расмий келишимге кол койгон. Бүгүн заводду куруу иштери расмий түрдө старт алды.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, бул долбоор шаар келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, инфраструктураны жаңылоого жана экологиялык коопсуздукту күчөтүүгө багытталган. Биринчи этапта суткасына 850 тонна таштандыны кайра иштетип, саатына 30 МВтка чейинки электр энергиясын өндүрө турган электр станциясы курулат.

Кийинки этаптарда кышында көп батирлүү үйлөрдү жылытууга арналган жылуулук электр борбору жана кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда.

200 000 тонна
Оштогу жылдык таштандылардын көлөмү
95 млн $
Долбоорго салынуучу инвестиция көлөмү
about
video
Долбоор жөнүндө видеону көрүү